Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:50

Бишкекте “Ата-Журттун” депутаттарынын соту уланат


Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан бүгүнкү жараянда сот Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун президент Алмазбек Атамбаевдин сотто көрсөтмө бериши боюнча өтүнүчүнө жооп берет. Адвокат депутат Камчыбек Ташиевди психологиялык-психиатриялык экспертизадан өткөрүү демилгесине президенттин да тиешеси бар болушу мүмкүндүгүн божомолдоп жатат.

Буга чейинки жараянда айыпталуучулардын адвокаттары иш боюнча баш прокурор Аида Салянова баштаган прокуратуранын жетекчилерин күбө катары чакыруу өтүнүчү менен кайрылып, аны сот канаатандырган.

3-октябрь күнү Бишкекте болгон митингден кийин митингчилердин Ак үйгө кирүү аракети үчүн "Ата-Журт" партиясынын лидерлери, депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов камакка алынышкан. Аларга “Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган” деген айып тагылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG