Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Баткенде чек араны тосууну талап кылган митинг уланууда


Баткенде облустук акимчиликтин алдында Чарбак жана Согмент айылдарынын тургундарынын митинги бүгүн да уланып жатат. Кабарчыбыздын билдиришинче, алар талаштуу тилкени тез арада тактап, такталган жерлерди тикенек зым менен тосуп берүү иштери башталмайынча тарабай турганын билдирүүдө. Бул митингдин башталганына бүгүн үчүнчү күн болууда.

Ушул тушта өкмөттүн алдындагы Чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүм башчы Курбанбай Искандаров Чарбак айылында жүрөт. (JsA/EBM)

XS
SM
MD
LG