Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:19

Дипломаттар: Иран уран байытууну ыкчамдата баштайт


Батыш дипломаттары бүгүн “Рейтер” жана “Ассошиэйтед пресс” маалымат агенттиктерине айтышканына караганда, расмий Тегеран “Натанз” атомдук заводунда уран байыта турган миңдеген центрифугаларын жаңы үлгүдөгүлөрү менен алмаштырарын МАГАТЭге 23-январда кабарлаган. Бул Иран үчүн уран байытууну азыркыдан эки же үч эсе тездеткенге мүмкүнчүлүк берет. Батышта бир топ ири өлкөлөр Иран уранды ядролук курал жасаш үчүн байытып жатат деп чочулашат. Бирок Тегеран өзү ядролук программасы жайчылык максатта отун алыш үчүн гана колдонуларын айтууда.

XS
SM
MD
LG