Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:14

Аба ырайы: шашылыш эскертүү


Кыргызстанда 1-5-февраль күндөрү жааган жаан-чачындан улам тоолуу райондордо, Бишкек – Ош (121-137 жана 198-265-чакырым), Каракол – Эңилчек (45-90-чакырым), Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу (45-90, 145-150-чакырым), Ала-Бука – Каныш-Кыя (62-100-чакырым) тоо жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн, тайгак жана тоңголок болот. Мындай жолдордо айдоочулар 500 метр аралыкты так сактоосу зарыл.

2-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болот. Түнкүсүн Чүй менен Таластын кээ бир жерлерин туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 14, ал эми Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0... +5, күндүз +3... +8 градус, Талас облусунда түнкүсүн -1… +1, күндүз +2…+7 градус, Баткен облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +2…+7 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0... +5, күндүз +3 ...+8 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3... -8, күндүз -1... +4 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -9... -14, күндүз -4... -9 градус болот.

Бишкекте 2-февралда күндүз маал-маалы менен кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4 градус суук, күндүз +5…+7 градус болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG