Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Швецияда Өзбекстандагы иштери боюнча отчеттон кийин телебайланыш компаниясынын жетекчиси кызматтан кетти


"ТелиаСонеранын" башчысы Ларс Ныберг Өзбекстандагы шериктеши менен ишмердүүлүгү тууралуу көз карандысыз отчет жарыялангандан кийин ишинен кетти. Ошол эле убакта отчетто "ТелиаСонера" Өзбекстанда пара берген деген ырастоолор четке кагылат. Андерс Нарвингер - "ТелиаСонерада" түзүлгөн комиссиянын төрагасы.

Комиссия "ТелиаСонера" кимдир бирөөгө пара берип, же арам акчаны адалдоого катышкандыгы боюнча эч кандай далил тапкан жок. Ошол эле убакта "ТелиаСонеранын" инвестициялык чечимдери олуттуу сынга кабылды, ошондой эле Өзбекстандагы жергиликтүү шерик тарабынан жетиштүү аракет көрүлбөй, берилген укуктардын көзөмөлүндө кемчиликтер болгон.

Ларс Ныберг өзү отчетто Өзбекстандагы шериктеш "Такилант" фирмасынын ишмердүүлүгүн терең изилденилбей калды деп эсептейт. "Такилант" Өзбекстандын президентинин кызы Гүлнара Каримовага тиешеси бар деп саналат.

XS
SM
MD
LG