Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

Баткен: Чарбакта чек ара тосулуп жатат


Баткен облустук акимчилигинен "Азаттыкка" билдиришкенине караганда, 2-февралда Баткен районунун Чарбак айылы менен Өзбекстандын Ушар айылынын арасындагы такталган чек аранын 300 метри тикен зымдар менен тосулду. Чек араны тосууга жергиликтүү тургундар да ашар ыкмасында көмөктөшүүдө. Бул иш бүгүн да уланып жатат.

5-6-январда Баткендин Чарбак айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Ушар (Хушяр) айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Ушарлыктар кыргыз айылына кирип келип, 30 адамды барымтага алып, бир канча унааларды талкалаган. Кийинчерээк өзбек тарап келтирилген чыгымды төлөп берүүгө макул болгон.

Ошол окуядан кийин Өзбекстандын Сох анклавынын айланасындагы кыргыз айылдарынын тургундары тез арада чек араны тосуу талабын коюшкан. Январь айынын орто ченинде чек араны тосуу башталып, өзбек тараптын өкүлдөрү келбегенине байланыштуу иш токтоп калган. Өткөн жумада Чарбак, Согмент айылынын 100дөй тургуну бийликтен чек араны тосууну талап кылып 3 күн митингге чыккандан кийин иш кайра уланууда. (JsA)

XS
SM
MD
LG