Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:39

Киркукта полицияга кол салуу болду


Ирактын түндүгүндөгү Киркук шаарында куралчан адамдар полициянын баш кеңсесине жапырык жасашты. Полициянын маалыматына ылайык, 30га жакын киши мерт болуп, 70тейи жараат алды. Күбөлөрдүн айтымында, кол салгандар полициянын униформасын кийип жүрүшкөн. Жан кечти дүрмөттөлгөн машинесин имараттын дарбазасына сүздүргөндө, куралчан адамдар граната ыргытып, ок ачышкан. Мунайга бай Киркукта арабдар, күрттөр менен түркмөндөр жашайт. Багдаддагы борбордук өкмөт менен Күрттөрдүн атвономиясы көптөн бери аймактын айынан талашып-тартышып келатышат.

XS
SM
MD
LG