Бүгүн Каирде президент Махмуд Ахмединежаддын расмий сапары башталат. Бул Ирандын мамлекет башчысынын Египетке акыркы отуз жылда жасаган биринчи сапары. Ахмединежад бүгүн ал-Азхар университетинде Египеттин сунни мусулмандарынын башчысы, шейх Ахмед ат-Тайеб менен кездешери айтылууда. Иран президенти Каирге шаршемби күнү ачылчу Ислам кызматташуу уюмунун конференциясына катышканы барды. 2011-жылы Хосни Мубарак президенттиктен төңкөрүлгөндөн бери Иран тарап Египет менен мамилени жакшыртканга аракет кылып жүрөт. Эки өлкө арасындагы дипломаттык алака 1979-жылкы Ирандагы ислам ынкылабынан кийин токтогон эле. Египет президенти Мухаммад Мурси былтыр Тегеранда өткөн Бейтарап мамлекеттер кыймылынын саммитине барган.