Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:28

Косово менен Сербиянын президенттери жолугушту


Косово 2008-жылы Сербиядан көз карандысыздык жарыялагандан бери эки мамлекеттин президенттери алгачкы жолугушууну өткөрүштү. Косовонун президенти Атифете Яхьяга менен серб мамлекет башчысы Томислав Николич кечээ Брюсселде бетме-бет сүйлөшүүгө чейин ортомчу болуп жаткан Евробиримдиктин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон менен өз алдынча жолугушан. Сүйлөшүүдөн кийин Николич Косовону эгемендигинен кечүүгө чакырды. Ал эми Яхьяга “эски позициясын карманып жаткан” Сербиядан көңүлү калганын жашырбады.

"Тилекке каршы Николич буга чейин менин өлкөмө гана эмес, бүтүн регионго кесепети оор болгон радикал улутчул сунушун айтып туруп алды. Мен серб элинен ак ниет кызматташуунун, жакшы коңшулуктун деми менен айкалышкан позитивдүү өзгөрүүлөргө кошулушун күтөм. Азыр биз гегемониянын эмес, интеграциянын доорунда жашап жатабыз. Биз Евробиримдикке, Евроатлантикалык интеграциянын процессине көңүл бура турган учурда турабыз", - деди Косовонун президенти.

Президенттердин сүйлөшүүлөрүнө чейин эки өлкөнүн премьер-министрлери бир нече ирет жолугушкан.

XS
SM
MD
LG