Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:13

Атамбаев: Ташиевдердин ишин сот чечет


Президент Алмазбек Атамбаев оппозициялык "Ата-Журт" партиясынын камактагы лидерлери боюнча сот ишине кийлигишпейт. Бул тууралуу ал бүгүн акыйкатчы менен жолугушууда айтты. Акыйкатчы Турсунбек Акундун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, ал камактагы депутаттар боюнча өз алдынча мониторинг жүргүзүп жатканын мамлекет башчыга айтып берди. Атамбаев бул ишти сот гана чечээрин кайталап айтты дейт Турсунбек Акун:

3-4 ай мурдагы жолугушуубузда айтканын кайталады. Сот чечсин. Сот ишине кийлигише албайм деди.

Былтыр октябрдан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында "Ата-Журт" партиясынын лидер депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов камакта жатат. Алардын соту өткөн айда башталды. Соттолуучулар жана адвокаттары бул кылмыш иш саясый мүнөзгө ээ деген оюн айтып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG