Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:04

Украин соту тажик экс-премьерин 40 күнгө убактылуу камады


Абдумалик Абдуллажанов Борисполь сотунда
Абдумалик Абдуллажанов Борисполь сотунда
Тажикстандын мурдагы премьер-министри Абдумалик Абдуллажановду Украинада сот бейшембиде 40 күнгө камоо жөнүндө чечим чыгарды. Ушул мезгил аралыгында тажик тарап аны мекенине өткөрүп берүү үчүн тийиштүү документтерди жибериши керек.

Киевден алыс эмес жердеги Борисполь райондук сотунун судьясы Анатолий Левченко чечим тууралуу: "Сот арызды канааттандырып, Абдумалик Абдулложоновду Тажикстанга экстрадициялоо боюнча тийиштүү өтүнүч келгенге чейин убактылуу 40 күнгө камоо жөнүндө чечим чыгарат", - деп билдирди.

Абдулложонов өзү «Азаттыктын» украин редакциясынын кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып, соттун чечимине канааттанбаганын айтты.

"Мен, албетте, бул чечимге канааттанган жокмун. Бирок эмне кылмак элем? Сот ушинтип чечти, - деди ал. - Тажик бийликтерине мени өткөрүп беришсе, алар мени тирүү калтырышпайт. 3-4 айда өлтүрүшөт. Мен муну жакшы билем. Ошон үчүн эгер менин абалым Украин бийликтерине жана коомуна баары бир болсо, анда кантмек элем... Бешенеме жазылганы ушул экен да".

Тажикстандын экс-премьерин 5-февралда Киевдин Борисполь аэропортунда кармашкан. Тажик бийликтери Абдуллажановду 1996-жылы президент Эмомали Рахмонго болгон кол салууга катышы бар деп санашат. (TD)

XS
SM
MD
LG