Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

Бишкекте Казакстандын билим берүү тажрыйбасы талкууланат


"Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык коомдук фонду Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги менен бүгүн Казакстандын билим берүү тажрыйбаларына арналган жыйын өткөрөт. Бул тууралуу аталган фонддон кабарлашты. Иш-чара Discover Asia долбоорунун алкагындагы уюштурулуп жатат. Анда Казакстандын билим берүү тармагындагы жүргүзгөн реформалары жана тажрыйбалары талкууланат.

Discover Asia "Роза Отунбаеванын демилгелери" фондунун маалыматтык-агартуучулук долбоору. Анда башка өлкөлөрдүн бизнес-мүмкүнчүлүктөрү, маданият, салт, экономика жана финансы тармагындагы, өндүрүш, социалдык практикадагы ийгиликтүү тажрыйбасы тууралуу маалымат алса болот. Discover Asia жолугушуулары ай сайын өтүп турат. Буга чейин Бангладеш, Кытай, Индия Жапония жана Малайзияга арналган жолугушуулар уюштурулган.(BkA)

XS
SM
MD
LG