Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:50

Саакашвили Иванишвилини жарашууга чакырды


Грузиянын президенти Михаил Саакашвили премьер-министр Бидзина Иванишвилини жарашуу үчүн сүйлөшүүгө чакырды. Президент Саакашвили бүгүн айтканына караганда, ал “өлкөдөгү соңку окуялардан кийин айрым конституциялык өзгөрүүлөргө баруу маселесин” премьер-министр Иванишвили менен талкуулоого даяр. Саакашвили өзүнүн Фэйсбуктагы баракчасында сүйлөшүүнү эртең - дүйшөмбүдө өткөрөлү деп жазган.
Ишембиде Иванишвили президент менен “конституциянын жана мыйзамдын чегинде кызматташууга даяр” экенин айткан болчу.

Эки күн мурда президент парламентте кайрылуу жасаганы келгенде премьердин коалициясы аны сүйлөтпөй, “алгач бийликтен мөөнөтүнөн мурда кетээрин жарыяласын” деп талап кылган. Кийинчерээк Тбилисидеги Улуттук китепкананын маңдайында президенттин партиялаштарын демонстранттар ур-токмокко алышты.

XS
SM
MD
LG