Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Дем алышты жума күнгө жылдыруу боюнча мыйзам долбоору даярдалды


Бул тууралуу мыйзамдын автору, Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу “Азаттыкка” бүгүн маалымдады. Депутат Кыргызстандын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү сунушталып жатканын, анда дем алыш күндү жумага жылдыруу каралганын билдирди. Азыр бул долбоор коомдун талкуусуна коюлду.

Бакир уулу мындай норма өлкөнүн Баш мыйзамына каршы келбесин, дээрлик бардык мусулман өлкөлөр жума күнү эс алышарын айтып, аны Кыргызстанда калктын басымдуу бөлүгү мусулман болгону менен түшүндүрдү. Ал мындай мыйзам долбоорду 1996-жылы да көтөрүп, бирок колдоо таппаганын кошумчалады. Буга чейин Бакир уулунун жаңы жыл тосууга тыюу салуу демилгеси коомдо кызуу талкуу жараткан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG