Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:01

Аткинсон “Кыргызалтындын” өкүлдөрү менен жолугушуп жатат


“Центерра Голд” компаниясынын президенти Ян Аткинсон азыр Бишкекте “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчилиги менен жолугушуп жатканын
Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Ишенбай Чунуев “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, жолугушууда акционерлер Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусуна жооп берүү маселесин талкууламакчы. Чуниев бул корутунду англисче которулуп ,ар бир акционерге берилгенин белгиледи.

"Кумтөр" алтын кенин иштеткен “Центерра Голд” компаниясында Кыргызстандын 33 пайыз үлүшү бар. Бул үлүшкө мамлекеттик “Кыргызалтын” ишканасы ээлик кылат.

Өткөн жылдын аягында Кумтөрдөгү абалды иликтеген мамлекеттик комиссия аталган алтын кенин иштетүү боюнча 2009-жылы “Центерра Голд” менен түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келет деп, өкмөткө жаңы келишим түзүү боюнча сүйлөшүү баштоо сунушун жолдогон. Эгер бул шарттарга азыркы инвестор көнбөсө, анда келишимди толук бузуу сунушталган. (EBM)

XS
SM
MD
LG