Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

Евробиримдик эт азыктарын текшерет


Еврокомиссия Евробиримдикке мүчө бардык өлкөлөрдө сатылып жаткан эт азыктарын текшерип чыгууну тапшырды. Мындай кадамга уй эти деп сатылган азыктар жылкы этинен жасалышы мүмкүн деген шектен улам барып жатканын Евробиримдиктин айыл чарба комиссары Тонио Борг билдирди.

Шаршембиде Германия өлкөдө сатылган эт азыктарын текшерүүгө киришти. Буга чейин Улуу Британия, Франция, Голландия, Швеция жана Швейцария да уйдун эти деген жазуу алдында жылкынын эти сатылып жатканы аныкталган соң мындай этти сатууга тыюу салган.

Өткөн айда Европанын бир катар өлкөлөрүндө уйдун этине кошулуп сатылган жылкынын эти табылып, чуу чыккан. Европа өлкөлөрү бул эт Румыниядан алып келинген деп шектенип жатышат. Бирок Румыния айтылган дооматтарды четке кагып, актанып келет.

XS
SM
MD
LG