Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Орусияда грузин депутатына айып тагылды


Орусиянын тергөө комитети Грузия парламентинин депутаты Гиви Таргамадзеге массалык башаламандыкты уюштурууга катышкан деп сыртынан айып такты. Таргамадзеге орусиялык оппозиционерлер Сергей Удальцов, Леонид Развозжаев жана Константин Лебедевге козголгон кылмыш иш боюнча айыпталып жатат. Ага ылайык, өткөн жылдын октябр айында НТВ телеканалынан “Каршылык акцияларынын мүнөзү - 2” деп аталган орус оппозициясы тууралуу даректүү тасма көрсөтүлгөн. Тасмада Сергей Удальцов баштаган оппозиционерлер четтен келген акчага бийликти күч менен басып алууга даярданганы баяндалган. Орусия күч органдары дал ушул четтен акча алып келүүгө Таргамадзенин катышы бар деп айыптап жатышат. Тергөө комитети Грузин Таргамадзе өз өлкөсүндө депутаттык кол тийбестик макамына ээ эместиги аныкталганын, жакын арада ага издөө жарыяланарын кабарлады.

XS
SM
MD
LG