Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:35

Журналист Исраилов депутат Бакир уулун сотко берет


“Общественный рейтинг” гезитинин журналисти Эрик Исраилов Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулун сотко берерин “Азаттыкка” билдирди.

Журналисттин айтымында, мындан толук бир жума мурун Бакир уулу өзүнүн кабинетинде ага кол көтөргөн. Жаңжал Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинанын кыргыз аскерлери орусча билбейт деген билдирүүсүнө байланыштуу болгон.

Бакир уулу бул билдирүүнү маалымат агенттиктеринин биринен көчүрүп алып, Фейсбуктагы баракчасына “жаман үйдү конок бийлейт” деген комментарий менен жайгаштырган. Натыйжада чоң шерине талкуу жаралган. Исраилов Бакир уулун улутчул деп баалап, Карамушкинаны анын комментарийине реакция билдирүүгө чакырган. Кийин экөө Бакир уулунун кабинетине сүйлөшүү үчүн барган. Депутат жума намазга шашып бараткандыктан кыскача сүйлөшүшкөн. Исраилов чыгып баратып “ырас эле акыйкатчы болбой калганын” айткандан кийин депутат жакалап, башка чапкан. Карамушкина арачалап калган. Карамушкина Исраиловдун бул айткандарын "Азаттыкка" тастыктады.

Ал эми Бакир айыптарды четке кагып, өзүнүн версиясын айтууда. Ал жаран катары пикирин билдирүүгө укугу бардыгын, Исраилов кыргыз элин кемсинткенин, кол көтөрбөгөнүн билдирди. Муну чагымчыл аракет катары баалап, соттошууга даяр экенин белгиледи. Журналисттин окуя болгондон кийин эле тиешелүү тарапка кайрылбаганын сынга алды.

Исраилов болсо бул окуяны бир жумадан кийин гана көтөрүп жатканын буга чейин бош убактысы болбогону, адвокаттар менен кеңешип жатканы менен түшүндүрүүдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG