Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Генерал Аллен НАТОнун башкы командачылыгына дайындалбайт


Шейшембиде АКШ президенти Барак Обама генерал Жон Аллендин отставкага кетээрин, мындан улам НАТОнун Европадагы күчтөрүнүн башкы командачылыгын жетектебей турганын билдирди. Мындай чечимин Аллен Обамага жазган арызында жарыялаган. Анда Аллен АКШнын Ооганстандагы куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы болуп иштеп, узак мөөнөт четте болгонун, мындан ары үй-бүлөсү менен бирге болгусу келгенин билдирген.

Буга чейин генерал Жон Аллен АКШнын Ооганстандагы куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы болуп келген. Бул кызматтан кайтып келген соң Обама ага НАТОнун Европадагы күчтөрүнүн башкы командачылыгын сунуштаган. Бирок Аллен Обаманын сунушун ойлонуп көрүүгө убакыт сураган.

Генерал Аллен ЦРУнун мурдагы директору Дэвид Петреуска байланышкан жаңжалга тиешеси бар аял менен алакасы үчүн өткөн жылдын ноябрь айында тергөөгө алынып, аны менен жазышкан каттары иликтенген. Бирок январда бул айыптардан толугу менен акталган.

НАТО шейшембидеги билдирүүсүндө Аллендин чечимин сыйлаган турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG