Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:48

Сариев: Кумтөрдө такталган 716 тонна алтын запасы бар


Бул тууралуу экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев парламенттик жыйында баяндама жасап жатып билдирди. Ал Кумтөр дүйнөдөгү эң ири 7 кендин бирине кирерин белгиледи. Сариев Кумтөр боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия иликтөө учурунда Нарын, Ысык-Көл облусунун тургундары менен жолугушуулар болгонун, эл аралык жана көз карандысыз компаниялардын, бизнес коомчулуктун пикирлери эске алынганын кошумчалап, тыянакты камтыган 500 нускалуу китеп чыкканын кошумчалады.

- Алексей Елисеевдин жардамы менен мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев Кумтөрдү жеке колго өткөрүүнү максат кылган. Муну сүйлөшүү үчүн 2010-жылдын 6-апрелинде Максим Бакиев АКШга учуп барган, муну ошол кездеги Кыргызстандын АКШдагы элчиси Замира Сыдыкова да тастыктады.

Кумтөр боюнча иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусунда “Центерра голд” компаниясы менен 2009-жылы түзүлгөн Кумтөр боюнча келишимди кайрадан карап чыгуу сунушталган. Эгер канадалык компания бул сунушка көнбөсө, келишимди бузуу керектиги да белгиленген. (ZB/JAk)

XS
SM
MD
LG