Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Арменияда шайлоо жыйынтыгын тааныбагандар көчөгө чыкты


20-февралдагы демонстрация, Ереван.
20-февралдагы демонстрация, Ереван.
Оппозициянын азыркы президент Серж Саркисян жеңген шайлоонун расмий жыйынтыгына нааразылык билдирген бир нече миң жактоочусу бүгүн борбор Ереванда жыйналды. Мурдагы тышкы иштер министри Раффи Хованнисиандын жактоочулары шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылышын талап кылышты.

Ушул дүйшөмбүдөгү шайлоонун натыйжасында Саркисян добуштардын 58,64%, Хованнисиан 36,75% алган.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон Армения бул шайлоодо демократиялык прогрессти көргөзгөнүн, бирок эл аралык байкоочулар аныктаган кемчиликтерге көңүл буруусу зарылдыгын белгиледи.

Мурдараак ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын байкоочулары шайлоодо нагыз атаандаштык болбогонун айтышкан. (UE)

XS
SM
MD
LG