Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:54

“Чоң-Капкада” жүзгө чукул автоунаа Казакстанга өтө албай турат


Бул тууралуу аталган өткөрмө бекетинде жүргөн Таластагы кабарчыбыз Мирбек Айтикеев маалымдады. Анын айтымында, өткөрмө бекеттин кызматкерлери Бажы союзунун талаптарына ылайык жана казак өкмөтүнөн комиссия келди деген жүйөөлөр менен жүк ташуучу автоунааларды өткөрбөй жатат. Кечээ Кыргызстандын чек ара кызматы да муну тастыктап, бирдиктүү бажы тарифине ылайык Казакстан 1 кг. жүктү өткөрүү үчүн 15 казак теңгесинен (кыргыз сомуна 5 сом) алып жатканын билдирген.

Кабарчыбыздын айтымында, Казакстанга өтө албай турган ишкер-дыйкандардын көпчүлүгү алма жана картошка ташып бараткандар.

Кыргызстандын чек ара кызматы бул окуя боюнча Казакстандын тийиштүү органдарына кат жөнөтүп, абалды жөнгө салууну өтүнүшкөнүн аталган кызматтын басма сөз кызматы кабарлады. (MbA/JAk)

XS
SM
MD
LG