Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Дамаскта кайрадан жардыруу болду


Сириянын борбору Дамаск шаарында машинеге кадалган бомба жарылып, кеминде 30 киши набыт болуп, дагы ондогон адам жарадар болгонун оппозициянын активисттери билдирди. Жардыруу башкаруучу “Баас” партиясынын жана Орусия элчилигинин жанында болгону маалымдалды. Бийликчил медиалар жардырууну президент Башар Асаддын каршылаштары уюштурган деген маалымат таратты.

Бүгүн оппозициялык Сирия улуттук коалициясы алар өлкөдө тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөргө президент Асад кызматтан кеткенден кийин гана макул болушарын жарыялашты. (JAk)

XS
SM
MD
LG