Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

АКШда көз жумган орус баланын өлүмүнүн себептери аныктала элек


Америкалык ата-эне асырап алган орусиялык 3 жаштагы Максим Кузьминдин өлүмүнө байланыштуу маалыматты сурап, Орусиянын Башкы прокуратурасы АКШнын Укук министрлигине кат жөнөткөнүн прокуратуранын кызматкери Марина Гриднева маалымдады. “Учурда баланын өлүмүнүн себептери тууралуу жыйынтыкты күтүп жатабыз”, - деп кошумчалады Гриднева.

Орусия президентинин алдындагы балдар укугу боюнча иш алып барган кызматтын өкүлү Павел Астахов 3 жаштагы Максим аны асырап алган апасы Лора Шатонун катуу токмогунан көз жумганын ырастоодо. Бирок Шато жерде жаткан баланы көрүп, Тез жардам чакырганын айтып, аны сабады деген маалыматты четке кагууда. Дарыгерлер Максим Кузьминдин өлүмүнүн себептери тууралуу жыйынтыкты азырынча айтыша элек. (JAk)

XS
SM
MD
LG