Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Машине көп - орун жок


Бишкектеги эң ири Ош базарына күнүнө он миңдеген адам кирип-чыгат. Жеке унаасы менен келгендер анысын койорго жер таппай, кыйла убакыт убара тартат.

Айдоочулар базар жолдору оңдолуп, айрым жол жээктерине унаа токтотууга тыюу салынгандан бери жол кайгуул кызматкерлери Ош базарын аңдып калганына даттанууда.

Ош базарынан соода кылып кетейин деп кире калган Улан Ибраев бул жерде машине токтотконго орун табуу дайыма кыйынчылыкка тураарын айтат:

- Орун табуу дайыма кыйын. Бул Ош базары эле эмес, шаардын бардык жерине тиешелүү. Базарга келгенде кээде эки-үч көчө алыска токтотуп коюп, жөө келгенге аргасыз болосуң.

Мэрия кызматкери менен дал ушул орун талашып азан-казан түшкөн жерден маектешүүнү болжодук эле, машинаны койорго жер таппай, биз да көчөлөрдү бир сыйра айланып чыктык. Айдоочулар базардын айланасындагы жолдор оңдолуп түзөлгөнүнө курсант. Ошол эле кезде машине токтотуучу бир топ жайлар азайганын, ал жерден жол кайгуул кызматкерлери үзүлбөй калганына даттанышат.

Бул көрүнүш боюнча айдоочулардын укугун коргоп жүргөн “Вигенс” укуктук борборунун директору Владимир Плужкин мындай ойдо:

- Муниципалдык же мамлекеттик кызматтар туура жол кыймылын камсыз кылуудан сырткары машине токтотуучу жайларды да уюштуруп берүүгө милдеттүү. Ош базарындагы көчөлөрдө машина токтотууга болбойт деген белгилер коюлган. Бирок сары кийимчен кызматкерлер ыңгайлуу эле жерден акча алып калганга аракет кылышат. Бир жагынан жол кайгуул кызматкерлери жүрөт. Бардык жерге тыюу салган белгилерди коюп алып, айдоочулардан акча алууну эми ошол жол коопсуздугун көзөмөлдөгөндөрдүн абийирине койолу.

Чыгыштан батышты көздөй баратканда Жаш Гвардия гүлбагынан Павлов көчөсүнө чейин тыгын. Жаш Гвардиядан тарта Москва көчөсүндө акы төлөп турчу машине токтотуучу жай жок, атайын мамлекеттик же жеке мекемелердики гана турса болот. Токтогул көчөсүнүн ушул эле жердеги тилкесинде да азыр атайын машине токтотуучу жай жок. Бир тарабы гана атайын мекемелердин машинелери үчүн берилген. Киев көчөсүндө Жаш Гвардия гүлбагынан Бейшеналиева көчөсүнө чейин токтогонго уруксат бар. Бейшеналиеванын бир тарабында акы төлөп унаа токтотуучу жай болсо, экинчи тарабы таксисттер үчүн белгиленген. Ал эми Кулуев, Павлов көчөлөрү, Киев көчөсүнүн Бейшеналиевадан батышка багытталган жагына машине коюуга болбой калды.
Машине көп, орун жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:29 0:00

Сөз Бишкек шаардык мэриясынын базарлар, машине токтотуучу жайлар боюнча департаментинин башчысы Нурбек Үмөталиевде:

- Базардын тегерегинде машине токтотуучу жайлар жалпысынан 550 орунга ылайыкталган. Күнүнө орточо 700-800 машина кирип чыгат. Айрым унаалар алмашпай кечке чейин туруп калат. Бир күндө 8600 сомдон 9100 сомго чейин жыйналат. Парковка маселесин чечүүнүн бир жолу бар деп ойлойм – көп кабаттуу орундуктарды түзүшүбүз керек.

Мурдагыга караганда азыр базардын айланасында жол кайгуул кызматкерлери көп жүрүп калганын Жол коопсуздугу боюнча Бишкек шаардык башкармалыктан да тастыкташты. Алар шаар мэриясы менен макулдашып, күчтөтүлгөн тартипте иштеп жатышкан экен. Башкармалыктын маалымат катчысы Кундуз Иманбаева жол кайгуул кызматкерлери башаламан, каалаган учурунда барып турган жок деп ишендирди:

- Эртең менен берилген карта боюнча 10 киши Ош базардын тегерегинде турат. Москва, Бейшеналиева, Киев, Кулуев, Токтогул көчөлөрү болуп беш жерде кечки саат алтыга чейин иштешет. Айрым айдоочулар эскерткенге болбой, унаасын атайын жолго токтотуп коюп кирип кетишет. Мындай учурда кызматкерлердин номерди чечип кеткенге укугу бар. Ал эми тыюу салынган жерге машине токтотуу үчүн Административдик кодекс боюнча 320 сом айып пул каралган.

Ош базарына күнүнө кирип-чыккан адамдар менен машинелердин так саны жок. Тек гана он миңдеген деп айта алышат. Жалпы аянты 5 гектарга жакын базардын 78 кожоюну бар.

Базардагы машине токтотуу жайлары боюнча маселени чечүү үчүн мэриядан тарта, Ленин райондук администрациясы, Башкы архитектура башкармалыгы, жеке ишкерлерге чейин жооптуу экен.

Азыркы жол жээгиндеги машине токтотуучу жайлар Совет учурунда уюштурулган. Мэрия кызматкери шаар калкы күн санап көбөйүп жаткан Бишкекте, анын ичинде Ош базарынын тегерегинде машине токтотуу жайын кеңейтүү планы тууралуу эч нерсе айткан жок.

XS
SM
MD
LG