Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:14

Көмүрдү кайра иштетүүгө 10 миллион сомдой каражат керек


Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Оштогу бөлүмүнүн жетекчиси Жоромамат Арзыев "Азаттыкка" билдирди. Азырынча иш жүрүп турушу үчүн атайын аппарат, приборлор жана химикаттарды сатып алууга 10 млн. сомдой акча керек.

Академиянын Оштогу бөлүмүндө күйүүчү отунду 4 жол менен кайра иштетүү технологиясы бар. Көмүрдүн майдаларын кесекке айландыруу, көмүрдөн жер семирткич алуу, көмүрдөн газ алуу жана сыр алуу. Адистер каражаттын жетишсиздигинен бул иштер аксап жатканын белгилеп келишет.

Маалым болгондой, көмүрдү кайра иштетүү технологиясы Кыргызстанда Ошто гана бар. Буга чейин иштеп келген Политехникалык институттун техникалары да ушул жерге берилген.

Кыргызстанда 6 көмүр бассейнинде жалпысы 6 млрд, кээ бир маалыматтарда 24 млрд. тонна көмүр запасы бар экени айтылып келет. Өндүрүштү жолго койсо бул бир өлкө үчүн жарым кылымдык күйүүчү отун экенин адистер эскертишет. (ErN)

XS
SM
MD
LG