Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:25

Сирияда оппозиция арачылардан баш тартты


Сириянын башкы оппозициячыл тобу Москвага да, Вашингтонго да баруудан баш тартканын жарыялады. Кечээ кечинде таркаткан билдирүүсүндө Сириянын Улуттук коалициясы өз чечимин байыркы Алеппо шаарын Сирия армиясы такай аткылап, талкалап жатканына эл аралык коомчулуктун көңүл кош мамилеси менен түшүндүрдү.

Алепподо жүздөгөн карапайым тургундар набыт болуп жаткандыгын белгилеген Коалиция ошондой эле келерки айда Римде өтө турган Сириянын досторунун эл аралык конференциясына да барбай тургандыгын кошумчалады.

Сириядагы Адам укуктарын көзөмөлдөө уюмунун эсебинде, Алепподогу чабуулдардан 30 чакты кишинин өмүрү кыйылып, 150сү жараат алды. Уюм аткылоо уланып, өлүктөр кыйрандылардын алдында кала берип жаткандыгын эскертти.

XS
SM
MD
LG