Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:18

Ооганстанда жанкечти коопсуздук кызматына кол салды


Өлкөнүн чыгышындагы Нангархар дубанынын баш калаасы Жалал-Абатта жанкечти улуттук коопсуздук кызматынын жергиликтүү бөлүмүнө кол салганы кабарланууда. Дубандын маалымат катчысы Ахмад Зия Абдулзай бүгүн "Азаттыктын" Пакистан кызматына буларды билдирди:

- Бүгүн эртең менен саат 7ден 10 мүнөт өткөн ченде жанкечти машинасы менен келип, бомбасын Нангархардын Коопсуздук кызматынын кеңсесинин алдында жардырды. Кол салууда эки коопсуздук кызматкери набыт болуп, үчөө жараат алды. Азырга чейин карапайым жарандар арасында жапа чеккендер тууралуу маалымат ала элекпиз. Бирок бутага алынган жайдын жанындагы үйлөр анча-мынча зыян тарткан сыяктанат.

Мунун алдында башка жанкечти ушул эле аймактагы Лугар дубанында чоң жолду кайтарган гаичилердин постун бутага алган эле. Үч полициячы жараат алып, бирок эч ким набыт болбогондугу кабарланган

XS
SM
MD
LG