Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Нарындык фермелер Кытайга барат


Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбеков 20 чакты дыйкан менен 11-мартта Кытайга жөнөп кетишерин “Азаттыкка” билдирди. Анда негизинен этти, сүттү кайра иштетүү боюнча тажрыйба алмашуу, инвестиция тартуу тууралуу жолугушуулар өтөт. Губернатор Нарынга Түркия жана коңшу Казакстандын да ишкерлери инвестиция салууга кызыгып жатканын белгиледи. Учурда ар бир айылда кичи ишканаларды ачуу аракеттери болуп жатканын, былтыр кошумча 1,5 миң жумушчу орун түзүлгөнүн кошумчалады. Мал киндиктүү Нарын Кыргызстандын жакыр облустарынын бири болуп саналат. (EBM)

XS
SM
MD
LG