Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:15

Ирандын өзөктүк программасы тууралуу Казакстанда сүйлөшүүлөр башталат


Ирандын өзөктүк программасы боюнча он жылдан бери жүрүп келаткан сүйөшүүлөрдөн кийин Алматы жолугушуусунда чоң жетишкендик болоруна ишенич аздыгы айтылууда. Англиянын Тегерандагы мурунку элчиси Ричард Далтон “Азаттыкка” курган маегинде:

- Мен булар Иранды сүйлөшүүгө тартуу үчүн өздөрүн өзгөртүүгө даяр экенин көрбөдүм, ошол эле учурда Ирандан да өзөктүк программасы тууралуу келишүүгө даярдыгы жөнүндө эч кандай белги жок. Биз болгону эки тараптан тең чоң талаптар коюлганын гана көрүп турабыз. Ошондуктан мен Алматы сүйлөшүүлөрүнөн жыйынтык чыгарына анчейин ишенген жокмун, - деп билдирген.

Мурда кабарлангандай, дүйнөлүк алты держава: АКШ, Орусия, Кытай, Британия, Франция жана Германиянын өкүлдөрү бүгүн Казакстандын мурунку борбору Алматы шаарында Ирандан келген делегация менен жолугушат.

Тараптар буга чейин өткөн жылы июнь айында Москвада жолугушкан, бирок жыйынтык чыккан эмес. Кечээ Казакстанга Ирандын Саид Жейлили башында турган делегациясы өзөктүк программа тууралуу сүйлөшүүгө катышуу үчүн келген.

АКШ баштаган батыш өлкөлөрү Иранды өзөктүк программасын согуштук максатта колдонот деп айыптап келет. Иран болсо программа тынчтык максатта гана, энергетикалык багытта иштетилерин белгилөөдө.

XS
SM
MD
LG