Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:29

Чаткалда кар көчкү түшкөн унаа жол ачыла элек


Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Красная Горка - Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырымдарына кечээ кечинде көлөмү 2 000 куб метр кар көчкү түшүп, учурда тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, жол толугу бойдон жабылып калган.

Ошондой эле кечээ түштөн кийин Оштун Кара-Кулжасында Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолуна да кар көчкү түшкөн. Адам өмүрүнө зыян тийген жок. Учурда тазалоо иштери бүтүп, жол кайра ачык турат. (RK)

XS
SM
MD
LG