Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

Камбар-Ата-1 келишими боюнча мыйзам ишке кирди


Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарында төрт ГЭСти куруу боюнча кыргыз-орус келишимин Кыргызстан толугу бойдон ратификациялап бүттү. Тиешелүү мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун бүгүн мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Келишимге былтыр 20-сентябрда Орусия президенти Владимир Путиндин Бишкек сапарынын учурунда кол коюлган. Келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун өткөн аптанын соңунда Жогорку Кеңеш кабыл алган.

Орус тараптын парламенти бул келишимди азырынча ратификациялай элек.

Азыркы мезгилде эки тарап Камбар-Ата-1 ГЭСинин техника-экономикалык негиздемесин түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Бул үчүн орус тарап 15 млн. доллар бөлгөн.

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн да үстөк пайызы 2.5% болгон насыяны Орусия табат. Насыянын өлчөмү 2 млрд. доллардын тегерегинде экени айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG