Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:47

Италияда бир да партия абсолюттук жеңишке ээ болгон жок


Италияда парламенттик шайлоодо бир да партия өкмөт куруу үчүн жетиштүү добуш ала алган жок. Пьер Луижи Берсани жетектеген солчул-борборчул коалиция парламенттин төмөнкү палатасына шайлоодо мурдагы премьер Силвио Берлусконинин консервативдик күчтөрүн утуп алды. Алар Сенатта да көпчүлүктү түзүшмөкчү, бирок башкаруу үчүн жетиштүү добуш ала албады. Берсани жеңгенин жарыялап, ошол эле маалда Италия “арсар абалга” кептелгенин белгиледи. Аналитиктердин көз карашында, Евробиримдиктин 3-ири өлкөсүндөгү азыркы саясий кырдаал евро мейкиндиктеги карыз кризисин тереңдетиши мүмкүн. Марага үчүнчү болуп келген популисттик “Беш жылдыз кыймылы” сенсация жаратты. Белгилүү куудул Беппе Грилло жетектеген партия аткаминерлер арасындагы паракорлукка, экономикалык каатчылыкка нааразы болгон катардагы италиялыктарды өзүнө тарта алды. Ал эми буга чейин техникалык өкмөттүн башында турган экс-премьер Марио Монти жеңилип калды.

XS
SM
MD
LG