Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:44

Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр бүгүн уланат


Коңшулаш Казакстандын Алматы шаарында болуп жаткан сүйлөшүүлөргө дүйнөлүк алты державанын өкүлдөрү жана Ирандын делегациясы катышууда. Кечээ тараптар бир чечимге келе алышпаганы менен сүйлөшүүнү шаршембиде улантууга макул болушту. Евробиримдиктин тышкы саясатын жетектеген Кэтрин Эштондун өкүлү Майкл Манн жолугушууну “пайдалуу” деп баалады:

- Евробиримдиктин үч мүчөсү кошулган алты өлкө Иранга өзүнүн сунушун кечээ түштө билдирген. Эки жарым сааттан ашык убакытка созулган талкуу болду, андан кийин ирандыктар сунушту карап көрүү үчүн кетишти. Кийинки талкуу эртең уланат, анда биз өзүбүздүн сунушубузга так жооп алабыз деп ишенем.

Эштон АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германиянын атынан Тегеран менен бул жааттагы алакаларды тескейт.

Ирандын өзөктүк программасына байланышкан Алматы жолугушуусу сегиз ай мурун Москвада жыйынтыксыз аяктаган сүйлөшүүлөрдүн уландысы.

XS
SM
MD
LG