Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

Ирандын ядролук программасы Алматыда кайра талкууланат


Ирандын талаштуу ядролук программасы боюнча келерки саясый сүйлөшүү Алматыда 5-6-апрелде болот. Бул жөнүндө Иран жана бакубат алты өлкөнүн Алматыда аяктаган сүйлөшүүсүндө макулдашылды. Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Катерин Эштон дүйнө өлкөлөрүнүн сунушуна Иран оң жооп берет деген тилегин айтып, сунуштун мазмуну жөнүндө ооз ачкан жок. Бирок Эштон айым мартта Стамбулда техникалык сүйлөшүү болорун тастыктады.

Ирандык делегациянын жетекчиси Саид Жалили эл аралык коомчулуктун сунушу мурдагыдан “бир кыйла реалдуу”, Иран уранды 20 процентке чейин байытуу себебин талкуулаганга ачык экенин билдирди. Лекин, ал Фордо заводунда уранды байытуу токтотулбайт деди.

Алматыдагы сүйлөшүүгө бир тараптан Ирандын, экинчи жактан АКШ, Британия, Германия, Кытай, Орусия, Франциянын өкүлдөрү катышты.

XS
SM
MD
LG