Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Атамбаев Кыргызстандын жапон достору менен жолукту


Жапонияда расмий сапарда жүргөн кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Токиодо Кыргызстандын Жапониядагы достору менен жолукту. Мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Атамбаев жапон өкмөтүнө Кыргызстанга берип жаткан экономикалык жардамына ыраазылык айтты. 2010-жылдагы окуядан кийин өлкөдө абал турукташып, инвесторлордун кооптонбой иштешине шарт түзүлгөнүн билдирди.

"Кыргызстандын жапон достору" деген коомдук уюмга жыйырма чакты киши кирет. Алардын көбү - ишкерлер, депутаттар жана коомдук активисттер.

Жолугушуудан кийин кыргыз делегациясы Киотого жөнөп кетти.

Атамбаевдин Жапониядагы эки күндүк расмий сапары бүгүн жыйынтыкталат. Кечээ Токиодо бир катар расмий сүйлөшүүлөр өттү. Бир топ документтерге кол коюлду. (RK)

XS
SM
MD
LG