Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Гроздь айылынын тургуну өрт кырсыгында мерт болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Айтымында, Заводская көчөсүндөгү 5-үйдүн 4-батиринин ээси 72 жаштагы Николай Кремнев түтүнгө ууланып каза тапты. Кырсыкка электр жабдууларын пайдалануудагы этиятсыздык себеп болгону айтылууда.
Жалпысынан өткөн суткада Кыргызстандын аймагында 2 өрт кырсыгы катталды. (RK)
Жалпысынан өткөн суткада Кыргызстандын аймагында 2 өрт кырсыгы катталды. (RK)