Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Римде бүгүн Сириядагы кырдаал боюнча жыйын өтүп жатат


АКШнын мамкатчысы Жон Керри (солдо) Сириянын оппозициялык коалициясынын лидери Моаз ал-Хатиб (оңдо) менен алгачкы ирет Римде жолугушту, 28-февраль, 2013
АКШнын мамкатчысы Жон Керри (солдо) Сириянын оппозициялык коалициясынын лидери Моаз ал-Хатиб (оңдо) менен алгачкы ирет Римде жолугушту, 28-февраль, 2013
“Сириянын достору” деп аталган өлкөлөр тобунун бүгүнкү жыйынында АКШ менен Европа мамлекеттери Сирияда президент Башар ал-Асаддын режимине каршы күрөшүп жаткан оппозицияга чабуулдарда колдонулбай турган аскерий жабдууларды берүү ниетин жарыялашы мүмкүн. Жыйындын алдынан АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Сирия оппозициясынын лидери Моаз ал-Хатиб менен жолугушту.

Кечээ Керри Вашингтондо сүйлөгөн сөзүндө Сириядагы бийлик алмашуу процессин тездетүүнүн жолдорун караштырып жатышканын, оппозиция президент Асадды бийликтен кулатыш үчүн көбүрөөк жардамга муктаж экенин билдирген. Римдеги жолугушууда сириялык оппозиция менен ондогон өлкөлөрдүн өкүлдөрү сүйлөшөт.

Баштап Сириядагы негизги оппозициялык күч - Улуттук коалиция – бул жолугушууга катышпай турганын айткан эле. Жон Керри Римдеги сүйлөшүүдө конкреттүү сунуштар талкууланаарын билдиргенден кийин гана алар жолугушууга катыша турган болушту.

XS
SM
MD
LG