Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:04

Жалал-Абад: Окуучунун өлүмү боюнча сот өкүмү чыкты


Бүгүн Жалал-Абад облустук соттук коллегия мектеп окуучусунун өлүмү боюнча райондук соттун өкүмүн өзгөрттү. 11-класстын окуучусу Даниярбек Шадыбек уулу сегиз жылга кесилди. Ал Базар-Коргон райондук соту тарабынан адам өлтүргөн деген айып менен былтыр 11-декабрда 10 жылга эркинен ажыратылган. Ошондо үч жылга кесилген анын курдашы Кыял Каныбеков эки жыл жаза абагын алды. Райондук сот тарабынан ар бири 3 жылдан түрмөгө кесилген алардын теңтуштары Муктарбек уулу Алтынбек менен Таирбек уулу Апсаматтын жазалары өзгөрүүсүз өз күчүндө калды.Төрт бала тең айыптарын жарым-жартылай мойунуна алышты. Былтыр сентябрда Базар-Коргондун Кызыл-Үңкүр айылында болгон топ балдардын уруп-согуусунан 10-класс окуучусу Кубанычбек уулу Кененбай көз жумган. (YA)

XS
SM
MD
LG