Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:56

Ирак: министр отставкасын демонстрацияда жарыялады


Иракта каржы министри Рафа ал-Эссави өкмөткө каршы нааразылык акциясында шийилер баштаган кабинеттин саясатына нааразы болуп, кызматынан кетип жаткандыгын бышыктады. Ирактын батышындагы Рамади шаарында сүйлөгөн сөзүндө сунни мусулмандары арасында таанымал Эссави «бир диний агым үстөмдүк кылган» өкмөттө болууну каалабай тургандыгын кошумчалады. 10 миңдеген сунни мусулмандары бир нече аптадан бери шийи премьери Нури ал-Маликини суннилерди куугунтуктайт деп демонстрацияга чыгып келатышат. Ал арада бүгүнкү ар кандай кол салууларда өлкө боюнча сегиз киши набыт болду.

XS
SM
MD
LG