Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:49

АКШнын мамкатчысы Эрдогандын сөзүнө терс баасын берди


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдогандын сионизм тууралуу комментарийине терс баа берди. Венада БУУнун конференциясында сүйлөгөн Эрдоган исламофобияны да “сионизм, антисемитизм жана фашизм” сыңары адамзатка каршы кылмыш катары кароо керектигин айткан.

Кечээ Анкарада түрк тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу менен биргелешкен пресс-конференцияда Керри "биз бул ойго жөн гана кошулбастан, аны четке кагабыз. Бардык лидерлердин сөздөрү сабырдуулукту жайылтууга багытталышы керек”, - деди.

Мамкатчы бул маселени Давутоглу менен сүйлөшүүлөрдө козгогонун, ал тууралуу жуманын кечинде Эрдогандын өзү менен кездешкенде да сөз кылаарын кошумчалады. Израилдин премьер-министри түрк өкмөт башчысынын комментарийи чындыкка коошпойт деп билдирди.

XS
SM
MD
LG