Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:36

Чек арада кармалган жаран Өзбекстанга берилди


Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн Өзбекстандын жараны дароо коё берилгенин бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Сузак райондук башкармалыгынын жетекчиси Садыбакас Жолдошев билдирди. Буга чейин чек ара аскерлиги кызматынан 1-март күнү Сузак райоунунда чек араны кесип өткөн 3 жаран кармалып, эки аял өзбек тарапка дароо өтөкрүлүп, бир эркек УКМКнын райондук башкармалыгында экенин кабарлашкан. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы келишим боюнча чек арадан капыстан өтүп кеткен жарандарды кайтарып берүү каралган. Коңшу өлкөнүн ат менен Кыргызстанга өтүп келген 35 жаштагы жаранына түшүндүрүү иштери жүрүгүзүлдү.

Жыл башынан бери өлкөнүн чек арасынан мыйзамсыз өткөн 15 адам катталган. (AKu)

XS
SM
MD
LG