Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:04

Жон Керри Египеттеги сапарын улантууда


АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Каирде Египет президенти менен жолугушканы жатат. Кечээ Вашингтондун өкүлү тышкы иштер министри жана оппозиция өкүлдөрү менен сүйлөшүү өткөргөн. Керринин айтымында, Жакыңкы Чыгышта козголоң күчөп турган кезде Египеттин стабилдүү болушу үчүн президент Мухаммед Мурсинин исламчылар жетектеген өкмөтү оппоненттери менен тил табышышы керек. АКШ Мамкатчысы ошондой эле экономикалык реформаларды жүргүзүүгө үндөмөкчү. Реформалар Эл аралык валюта фондунан 4,8 миллиард доллар насыя алуу үчүн шарт катары белгиленген. Египеттен кийин Керри Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары жана Катарга бармакчы.

XS
SM
MD
LG