Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Кенияда бүгүн жалпы элдик шайлоо күнү


14, 3 млн. шайлоочу жаңы президентти, парламент мүчөлөрүн, губернаторлорду жана жергиликтүү өкмөттүн башчыларын тандашууда. Президенттикке негизги талапкерлер деп премьер-министр Райла Одинга жана вице-премьер Ухуру Кенията айтылууда. Кенията өлкөнүн биринчи президенти Жомо Кенияттанын уулу. Аны Эл аралык кылмыш соту 2007-жылкы президенттик шайлоодон кийинки тирешүүлөрдү уюштурганга катышы бар деп, сот жообуна тартууга ынтаа кылып жүрөт. Беш жыл мурдакы жаңжалда 1200дөн ашуун адам курман болгон.

Бүгүн шайлоо башталганга чейинки тополоңдо бери дегенде 15 киши, анын ичинде бир нече полициячы өлгөнү кабарланды.

XS
SM
MD
LG