Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:02

Украинада оппозиция парламент президиумун кайра ээледи


Парламент трибунасын тороо учуру. 19-февраль, 2013-жыл.
Парламент трибунасын тороо учуру. 19-февраль, 2013-жыл.
Белгилүү мушкер Виталий Кличко баштаган "Реформа үчүн" Украина демократиялык альянсы, "Батькивщина" жана "Эркиндик" партиялары парламент ишине бүгүн кайра жолтоо кылышты. Мындай кадамын алар бийликтеги "Региондор" партиясынын депутат Сергей Власенкону мандаттан ажыратуу аракетине байланыштырышты.

Власенко - камактагы мурдагы премьер- министр Юлия Тимошенконун адвокаты.

Буга чейин өткөн айда оппозициядагы үч фракциянын депутаттары парламент президиумун эки аптадан ашуун убакыт ээлеп алышкан.

Андагы жаңжал добушту депутаттардын ар бирин өзү үчүн гана берүүсүнө милдеттендирген жаңы мыйзамды кабыл алуу менен аяктаган. (UE)

XS
SM
MD
LG