Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

Ооганстанда банк жетекчилери соттолду


Соттук жараяндын жүрүшү. Кабул, 5-март, 2013-жыл.
Соттук жараяндын жүрүшү. Кабул, 5-март, 2013-жыл.
Алар азыр Кабул банк деп аталган каржы мекемесин 2010-жылы кыйроо абалына жеткиргени үчүн кесилишти. Ооганстандын эң ири каржы мекемеси болгон банкты өкмөт анда өз акчасы менен сактап калган.

Соттун бүгүнкү өкүмүнө ылайык, Кабул банктын Директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Шерхан Фарноод жана президенти Халилулла Ферози 800 миллион доллардан ашуун каражатты уурдаган деп табылып, беш жылдан кесилишти.

Алар ошондой эле 808 миллион долларды кайтарып бериши керек. Банктын башкы эки жетекчисинен тышкары дагы 20дай адам экиден төрт жылга чейинки мөөнөткө кесилишти.

Сырттан соттолгондордун арасында Ооганстандын Улуттук банкынын мурдагы төрагасы, азыр АКШга качып кеткен Кадир Фитрат да бар.

Тергөөнүн маалыматтарына караганда, Кабул банк өз акционерлерине, ооган элитасына, анын ичинде президент Карзайдын бир тууганына документсиз кредит берген. Сотто коррупциялык схемалардын артында, вице-президент Мохаммедхасим Фахимдин бир тууганы Хасин Фахим турганы да айтылды. Ал азыр өлкөдө жок. (UE)

XS
SM
MD
LG