Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:19

АКШ сотунда бүгүн Усама бин-Ладендин күйөө баласына айып тагылат


Кезинде “ал-Каиданын” басма сөз катчысы болгон Сулейман Абу Гейт камакка алынганын АКШ бийликтери бейшембиде жарыялашты. Кабарларга караганда, ал адегенде Иорданияда кармалып, Түркияга, андан соң АКШга жеткирилген.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, Сулейман Абу Гейтке бүгүн Нью-Йорктун сотунда терроризм боюнча айып коюлган жатат.

Кошмо Штаттардын Башкы прокуратурасы аны “АКШ жарандарын өлтүрүү үчүн кутумга барган” деп айыптоодо.

Башкы прокурор Эрик Холдердин айтымында, Сулейман Абу Гейттин камалышы Кошмо Штаттар 2001-жылдын 11-сентябрындагы терракттар үчүн жоопкерлерди издеп табууну токтотпой турганын көрсөтүүдө.

Абу Гейт “ал-Каида” ошол чабуулдардын артынан тараткан видео билдирүүдө болгон деп эсептелет. (UE)

XS
SM
MD
LG