Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:50

Тоолуу Карабахка чектеш жерде Азербайжан аскери окко учту


Азербайжандын коргоо министрлигинен “Азаттыкка” билдиришикендей, Али Абилов жекшемби күнү снайпер аткан октон набыт болгон. Тоолуу Карабахты көзөмөлдөгөн Армения алар тараптан эч кандай ок атылбаганын айтууда.

Жекшемби күнү Бакуда армияда контракт менен кызмат өтөгөн аскерлерди кемсинтүүлөргө каршы нааразылык акциясына чыккан жүздөгөн адамдарды полиция күч менен таркаткан. Акыркы күндөрү Азербайжан армиясында бир нече аскер курман болгону маалымдалган. Контрактчы аскерлердин өлүмү тууралуу коомчулукка айтып турууну талап кылган биринчи акция январда Жейхун Кубадов деген жоокер өлгөндөн кийин уюштурулган. Аскерий жетекчилик Кубадов жүрөгү кармап өлдү деп билдирген. Бирок Кубадовдун туугандары жоокердин денесиндеги көк-ала тактардын сүрөтүн жарыялаган соң бул окуя боюнча иш козголгон.

XS
SM
MD
LG