Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

Жапония Кыргызстанга 100 млн. иена грант бөлөт


Жапония Кыргызстанга жардам түрүндө 100 млн. иена грант бөлмөй болду. Буга байланыштуу документке бүгүн Бишкекте каржы министри Ольга Лврова менен Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэ кол койду. Жардам товар жана кызмат көрсөтүү багытында берилет. Жакынкы күндөрү кыргызстандыктарга эң керектүү делген товарларды аныктоо үчүн кыргыз-жапон комиссиясы түзүлөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Өткөн айдын соңунда президент Алмазбек Атамбаев Жапонияга расмий сапар менен барган. Анда мамлекет башчы иена менен берилчү насыя сураганын, бул каражат берилсе өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырчу жаңы жол курууга жумшаларын билдирген.

Кыргызстан акыркы сегиз жылда Жапониядан иена түрүндө насыя ала элек болчу.(КЕ)

XS
SM
MD
LG