Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:19

Пакистанда сүйгөнүн алып качмак болгон жигит таш бараңга алынды


Пакистандык уруулардын башкаруусундагы Куррам федералдык аймагында сүйгөн аялы менен качып кетмек болгон эркек таш бараң алынып өлтүрүлдү. Окуя Парачинар шаарында болгонун аймактык коопсуздук кызматынын атын атабоону сураган өкүлү “Азаттык” радиосуна тастыктады. Селкинин кандай жазаланганы беймаалым. Өлтүрүлгөн жигиттин аты Нуриддин экени, ал Пакистан армиясында кызмат өтөп жүргөнү, жергиликтүү бийликтер шиилердин Тегрик-е Хусайния Парачинар уюмун фатвасын өзгөрткөнгө ынанта албай койгону маалымдалды. Парачинардын көпчүлүк калкы пуштундардын тури жана бангаш урууларынан чыккандар. Бул урууларда кимде ким үй-бүлөсүнүн макулдугу жок үйлөнмөк болсо, таш бараңга алып өлтүрүлөт.

XS
SM
MD
LG